ТОКТОМ 13 сентябряь 2018 жыл № 128/XX -27

ТОКТОМ

13 сентябряь 2018 жыл   № 128/XX -27                                                           Киров айылы

 

Карылар күнүнө, майыптар күнүнө жана мугалимдер

күнүнө даярдануу жана өткөрүү жөнүндө

 

“Карылар күнүнө, майыптар күнүнө жана мугалимдер күнүнө даярдануу жана өткөрүү жнүндө” маалыматты угуп жана талкуулап, бул майрамдын баары жыл сайын белгиленип келе жатат. Айыл өкмөтү даярдык иштерин көрүп жатат, тизмелер такталып жаткандыгын айылдык кенеш белгилеп

АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. “Кары адамга көнүл буруу жана кам көрүү” бир айлыгы 15-сентябрдан 15-октябрга чейин өткөрүлсүн.
  2. Ак-Кудук айыл өкмөтү:

-Карылар күнүн, майыптар күнүн жана мугалимдер күнүн өткөрүү иш-пландарын иштеп чыгышсын;

-пенсионердин ар бирине 500 сом эсебинде жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү  үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилсин;

-мектеп жана бала бакча жетекчилери, клуб башчылары пенсионерлерди чакыруу менен майрамдык концерттик программа өткөрүшсүн;

  1. Майыптар күнүнө майып балдарга I-II топтогу майыптарга 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлсүн.
  2. Мугалимдерди жана бала-бакча тарбиячыларын сыйлоо үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 500 сомдон бөлүнүп берилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кенешинин тартип, мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                 У.Суваналиев

 

Добавить комментарий