ТОКТОМ
2022-жыл 29-апрель № 43/ XI -28 Киров а.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган
үй бүлөөлөр менен иштөө
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис З.Муратованын “Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй бүлөлөр менен иштөө жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, мигранттардын үй бүлөлөрү, “Тобокел” тобундагы жашы жете элек балдары бар үй бүлөөлөр, ошондой эле мыйзам менен чыр –чатактагы бар жаш өспүрүмдөр менен иштөөсүн белгилеп, Ак-Кудук айылдык кеңеши
Токтом кылат:
- Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй бүлөөлөргө, аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө, тобокел тобундагы балдары бар үй бүлөлөргө, ошондой эле ата энеси тышкы же ички миграцияда жүргөн балдарга ар дайым маниторинг жүргүзүлсүн.
- Мигранттардын үй бүлөөлөрүнүн маалымат базасын жүргүзүү боюнча иштер улантылсын. Турмуштук оор кырдаалда турган үй бүлөөлөргө, ошондой эле жашы жашы жете элек балдарга катаал мамиле жасоонун алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүү улантылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Кенжебек уулу А.